Сауд Арапстандын бийликтери Мекедеги ажылык зыяратка барган жарым миллиондой мусулмандын саламаттыгы текшерүүдөн өткөнүн маалымдашты. Январда баштала турган ажылык зыяратына алдын-ала барган 620 миңден ашуун мусулмандардан эч кандай кооптуу вирус табылган жок деп айтылат билдирүүдө. Азия өлкөлөрүндө 70тен ашуун адамдын өмүрүн алган куштар тумоосуна байланыштуу Сауд Арапстандын бийликтери атайын текшерүү уюштурушкан. Жыл сайын Мекедеги чоң зыяратка 160тан ашуун өлкөдөн 2 жарым миллиондой мусулман чогулат.
Эл аралык жаңылыктардын топтомун Венера Сагындык кызы даярдады.
Эл аралык жаңылыктардын топтомун Венера Сагындык кызы даярдады.