Жапонияда дем алыш күндөрү кардуу борошондо жети киши каза таап, дагы миңдеген адамдар электрсиз калышты. Токиодон 350 чакырымдай алыстыкта ылдам жүрүүчү поезд болуп көрбөгөндөй кышкы бороон-чапкынга туруштук бере албай, жолдон чыгып кетип, 3 киши набыт кетип, 30дай адам жараат алды. Беларуста дем алыш күндөрү тынымсыз жааган кардан улам Брест жана Гродненск облустарында 140тай шаар-кыштак жарыксыз калды. Катаал аба ырайы Орусия менен Түндүк Осетияны бириктирген жолду бууп салды. Дагестанда бир орусиялык чек арачы кар көчкүсүнө кабылып мерт болду, дагы бирөө дайынсыз.