Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

Иракта козголоңдор уланууда.


Жекшембиде парламенттик шайлоонун тегерегиндеги көчө кагылыштарында дагы беш ирактык жана бир америкалык жоокер курман болду. Өлкө президенти Жалал Талабани жекшембиде суннилердин жетекчилерине кайрылып, коалициялык өкмөткө кирүүгө үндөдү. 15-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо шийилердин биримдиги алдыга озуп чыкканы Ирактык суннилердин нааразычылыгын жаратып, алар парламентке бойкот жарыялаарын эскертишкен. Ал тапта “Ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмү АКШ командачылыгы жана Ирактын өкмөтүндө иштеген 3 арап аял менен бир эркекти уурдап кетип өлтүргөнүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG