Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Казакстан Ысыккөлдө төрт жылдыздуу отелдерди курат


Кыргызстан Казакстанга 49 жылга арендага берген Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын базасында, келишимге ылайык, үч, төрт жылдыздуу отелдер курулат. Анда иштегендердин 80 пайызын кыргызстандыктар түзүүгө тийиш. Эгерде Казакстан келишимди буза турган болсо Кыргызстан пансионаттарды өзүнө кайтарып алат. Бул жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бүгүн таркаткан маалыматта айтылат.
Кыргызстандын премьер-министри Ф. Кулов менен Казакстандын премьер-министри Даниял Ахметовдун өткөн жумада Тараз шаарында болгон жолугушуусунда Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга узак мөөнөткө арендага берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Союз маалында курулуп, СССР кыйрагандан кийин талашка түшүп келген «Автомобилист Казахстана», «Самал», «Казахстан» жана «Университет» эс алуу жайларын Казакстанга арендага берүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келген чечим экендигин Кыргыз өкмөтү билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG