Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:14

Белгилүү ишкер Борис Воробьев экс-президентти сотко берет


Воробьев депутат болуп турганда анын конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн Аскар Акаевди сот бергени жатканын 26-декабрда «Аки-Пресс» агенттигинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ишкердин айтымында 1999-жылы депутаттык, дипломаттык кол тийгистик укугу бар экенине карабастан аны мыйзамсыз камашкан. Ал бир жылдан кийин сотто акталып чыккан. «Президент өзүнө милдеттенмелерди алган, Конституциянын гаранты болгон, бирок анын баары бир нече жолу бузулду» деп белгиледи Б. Воробьев.

Воробьев ошондой эле 2000-жылы анын арак чыгарган заводу, «Европа» супермаркети, «Датка» май куючу жайлар тармагы, мыйзамсыз таланып, тартылып алынганын билдирди. Ишкердин менчигиндеги «Подворье» автобазарына убагында азыр көзү жок депутат Ж. Сурабалдиев мыйзамсыз ээлик кылып алган экен. Ушуга байланыштуу Б. Воробьев депутат Ж. Сурабалдиевдин артында калган мүлктөн өзүнө тиешелүү бөлүгүн талашып, соттошуп жатыптыр.
Б.Воробьев азыркы учурда Акаев режими куугунтуктаган саясий качкын катары таанылып, Германияда жашайт.

XS
SM
MD
LG