Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Адахан Мадумаров: Өкмөттүк гезиттерден мурда өлкөнүн маалымат коопсуздугун ойлоо керек.


Өкмөттүк гезиттер жабык акционердик коом формасында уюшулганы мамлекеттин маалымат коопсуздугун сактоо үчүн абдан маанилүү. Бул жөнүндө бүгүн өкмөттүк гезиттерди реформалоо маселеси боюнча Бишкекте өткөн тегерек үстөл жыйынында вице-премьер-министр Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында чет өлкөлүк капчыгы калың компаниялар, ишкерлер акционерлешип жаткан өкмөттүк гезиттердин акцияларын сатып алып, өлкөнүн медиа рыногуна кирип келиши ыктымал. Бул өз кезегинде өлкөнүн маалымат коопсуздугун сактоого кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Өкмөттүн вице-премьер-министри ошол эле учурда өкмөттүк гезиттерди акционердик коомдун ачык же жабык формасын алууга милдеттендирген мыйзамдык чектөөлөр да жок экендигин эскертип, чечим кабыл алуудан мурун өлкөнүн маалымат коопсуздугун да ойлоого чакырды.
Президент К. Бакиев бир ай мурда өкмөт карамагындагы «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттерин мамлекеттен ажыратып, акционердик коомго өзгөртүп реформалоо тууралуу жарлык чыгарган. Анткени, Кыргызстанда экс-президент Акаевдин тушунда өкмөт өз колундагы гезиттерди оппозицияга каршы каралоочу курал катары колдонуп жаткандыгы жөнүндө коомчулукта чоң нааразылык чыккан.

XS
SM
MD
LG