Россиялык «Газпром» компаниясынын катышуусунда Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө кыргыз премьер-министри Ф. Кулов менен «Газпром» компаниясынын башчысы Алексей Миллер 26-декабрда Москвада сүйлөшүп макулдашканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Биргелешкен ишкана негизинен геологиялык чалгындоо, республиканын мунай жана газ тармагына инвестиция тартуу, бул тармактагы объектилерди оңдоп жаңыртуу боюнча иш алып бармакчы. Алексей Миллердин айтымында биргелешкен ишкана түзүү «Газпром» компаниясына Кыргызстанда инвестициялык программаны баштоонун жакшы мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал россиялык компаниянын адистери Кыргызстанда жаңы кендерди өздөштүрүү аркылуу жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүү мүмкүн деп эсептешерин да белгилей кеткен. Ушул эле күнү эки тараптын эксперттерине биргелешкен ишкана эртерек иштеп баштасын үчүн аны уюштуруу боюнча укуктук маселелерди чечүү жөнүндө тапшырма берилди.