Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

«Элдик көзөмөл» комитети түзүлдү


БИШКЕК. 26-декабрда Бишкекте Элдик көзөмөл деп аталган комитети түзүлдү. Аны уюштуруу жыйынында 24-марттагы ынкылаптан кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин качып кеткени гана болбосо, өлкөдө эч кандай өзгөрүү байкалбаганы, мурдагы бийлик тушундагылар дале бийликте отурганы, коррупция токтобой жатканы айтылды. Акырында комитет мүчөлөрү 27-декабрда өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүү чечимин кабыл алышты. Анда Акаевдин учурундагы бийликте отурган төбөлдөрү кызматтан кетсин, бийлик анти кризистик программасын иштеп чыксын, Акаевдик конституциянын ордуна элдик башкаруудагы конституция түзүлсүн деген сыяктуу талаптар коюлмакчы. Ушул эле күнү мындай нааразылык чарасын өткөрүү боюнча Биринчи май райондук бийлигинен уруксат суралды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комитеттин жогорку комиссары, Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрагасы Назарбек Нышанов билдирди.

XS
SM
MD
LG