Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Курманбек Бакиев: «Мамлекеттик башкаруу формасын эл терең түшүнүүгө тийиш»


БИШКЕК. Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо көпчүлүк эл, анын ичинде саясатчылар да мамлекеттик башкаруунун тигил же бул формасы тууралуу анчейин аңдап түшүнө бербестигин көрсөттү. Ошондуктан атайын юрист адистерден турган топтор түзүлүп, алар эл аралык уюмдардын көмөгү менен калк арасында башкаруунун формалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев 26-декабрда айрым маалымат каржаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Президент ошондой эле адегенде борбордук органдардын өкүлдөрү – парламент депутаттары, Президент админстрациясынын кызматкерлери жана өкмөт мүчөлөрү башкаруу формалары тууралуу так билиши керектигин, андан соң өлкөнүн бардык аймактарында бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшүн, эл башкаруунун кайсы формасы натыйжалуу экенин өзү тандоосуна шарт түзүү зарылдыгын айтып, референдумга бараар алдында элдин башкаруу формалары тууралуу так түшүнүгү болушу керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG