БИШКЕК. Жекшемби күнү Бишкекте өткөн семинар Аксы жана Барскоон окуяларына күнөөлүү саналган жогорку мамлекеттик кызматкерлерди жаңы түзүлгөн жагдайларга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу демилгесин көтөрдү. Адам укуктарынын 2005-жылдагы бузулушунун курмандыктарына арналган бул семинар мындан тышкары өкмөткө, парламентке, маалымат каражаттарына «Экс-президенттин макамы жөнүндөгү» мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу долбоорду иштеп чыгуу, Кыргыз -өкмөтү менен «Кумтөр-Центерре» ишканасынын ортосундагы макулдашууну кайра кароо тууралуу ондон ашык сунушту жөнөттү. Бул тууралуу 26-декабрда «АКИпресс» агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында семинардын демилгечиси, «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова билдирди.
Аксылык, барскоондук жабырлануучулар мурдагы бийликтин кылмыш жообуна тартылышын каалашат