БИШКЕК. Ош облустук бийлигинин имаратында 24-декабрда болгон жардыруу боюнча терроризм жана диверсия беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министри Мурат Суталинов 26-декабрда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Ош облустук бийлигинин имаратында болжол менен 2-3 килограмм тротил күчүндөгү жардыруу болгон. Учурда окуя болгон жерде ички иштер, коргоо, юстиция министрликтеринин жана улуттук коопсуздук кызматынын жардыргыч заттар боюнча адистери иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантышууда. 24-декабрда саат 14төн 45 минута өткөндө Ош облустук мамлекеттик администрациясынын биринчи кабатында катуу жардыруу болгон. Анын кесепетинен имараттын бир катар терезелеринин айнектери сынган. Бактыга жараша жардыруудан жабыркагандар болгон жок.