Казакстандын Башкы прокуратурасы бүгүн тараткан маалыматка караганда, абакта жаткан оппозициялык саясатчы Галымжан Жакияновду бошотуу мөөнөтү кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Павлодар дубанынын соту Жакияновду 14-декабрдагы чечими менен боштондукка чыгарган, бирок 21-декабрда ал чечимге каршы прокурорлор арыз берди, алардын айтымында, Жакиянов абакта бир нече жолу тартип бузган, ошондуктан азырынча бошотулбаш керек. Жакиянов 2001-жылы "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген кыймыл түзгөн жана 2002-жылы жети жылга эркинен ажыратылууга кесилген. Аны менен кошо кесилген Мухтар Аблязов бийликтен кечирим сурап, саясатка башка аралашпайм дегендиктен, мөөнөтүнөн мурда бошотулган.