Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Дүйнө коомчулугу Азиядагы цунаминин жылдыгын белгиледи.


200 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган табигый алааматтан эң көп жапа чеккен Индонезия, Шри Ланка, Индия жана Таиландда траурдук жыйындар өттү. Индонезиянын президенти Сусило Юдхойоно цунаминин чордону болгон Асех провинциясында чогулган элге кайрылып, кайгылуу окуя дүйнө коомчулугун бириктиргенин белгиледи. “Цунаминин эң башкы маанилеринин бири – эл аралык коомчулукту бириктиргенинде болду. Буга чейин бир да жаратылыш кырсыгы мынчалык боорукердик, ыймандуулук, мээрмандык жараткан эмес”. Түштүк Азиядагы 12 өлкөнүн жээктерин жалмаган цунамиден 2400дөн ашуун чет өлкөлүк, басымдуу бөлүгү европалык туристтер каза табышкан.

XS
SM
MD
LG