Жеке менчикти кайра бөлүштүрүү жана паспорт боюнча көз боемочулук аракеттери үчүн жаңы бийликти айыптап 27-декабрда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына жыйырма чакты адам нааразылык акциясына чыгышты. Бул иш чараны өздөрүн «Элдик көзөмөлдөө революциялык комитети» деп атап алган адамдар уюштурган. Бул уюмдун мүчөлөрү Президент менен парламентке жолдогон кайрылуусунда революциядан кийин өткөн тогуз айдын ичинде элдин көксөгөн мүдөө максаты ишке ашпай калганын белгилешкен. Алар мурдагы Президент Акаевдин тушунда иштеп эл ишенимин актабаган чиновниктерди кызматтан айдоону, Акаевдин өзүн жоопко тартууну, парламентти таркатууну, Кытайга кеткен жерди кайтарып алууну, Аксыда эл аткандарды жазалоону талап кылышкан.