Мекеге ажылык сапарга баратып, Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы Айбек бекетинде үч суткалап кармалып калган 600дөн ашуун кыргызстандык зыяратчылар 26-декабрда Өзбекстан аймагынан өтүп жолун улантышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн оперативдүү сүйлөшүулөрдөн кийин гана кыргыз зыяратчыларына өзбек аймагынан жол беришкен. Бул жөнүндө бүгүн 27-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Көрсө, кыргызстандык жарандар зыяратчыларды өткөрүп жиберүү жөнүндө кыргыз бийликтери жиберген өтүнүчкө өзбек бийликтери жооп бере электе эле эртелеп жолго чыгып алышкан экен.