Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Парламент 2006-жылдын бюджетин кароого киришти.


2006-жылдын бюджетинде социалдык керектөөлөргө каралган каражаттар 2 миллиард сомго көбөйөт, социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Экономика жана каржы министри А. Жапаров парламент депутаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында өлкөдө салык мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жеке киреше салыгын жана пайда салыгын 10 пайызга азайтуу каралууда. Ошондой эле өкмөт өлкөгө алып келинген жабдууларга жана айыл чарбасында кошумча нарк салыгын жоюуну сунуш кылып жатат. Министрдин маалыматы боюнча келерки жылы инфляция 4,5 %тан ашпайт. Экономикалык өсүш беш пайыз деңгээлинде болот.

XS
SM
MD
LG