Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Парламенте кээ бир мамлекеттеги элчиликтерди жабуу сунушу айтылды


БИШКЕК. Беларусия, Украина, Тажикстан, Малайзиядагы Кыргызстандын элчиликтери сыяктуу мамлекетке анчейин пайда алып келбеген элчиликтерди жабуу тууралуу депутат Жантөрө Сатыбалдиев 27-декабрда парламент отурумунда өкмөткө сунуштады. Анын айтымында, ал элчиликтерди кармоого бюджеттен көлөмдүү суммадагы каражат жумшалып, мамлекетке кайтарым болбой келүүдө.

Ал эми Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жогорудагы элчиликтерди жабуунун кажети жок экендигин, учурда Кыргызстан бардык мамлекеттер менен саясий-экономикалык байланыштарын чыңдап жатканын, чет мамлекеттерде убактылуу иштеп жүрүшкөн кыргыз жарандарынын саны күн санап өсүп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG