Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Депутаттар өздөрүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды үнөмдөп, үй курууну көздөшүүдө


Бишкек. Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды үнөмдөп, үй курууну көздөшүүдө. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин депутаты Кубанычбек Исабеков маалымдады. Жогорку Кеңештен алынган маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө 28 депутатка алардын Бишкекте үйү жоктугуна байланыштуу бюджеттен акча бөлүнүүдө. Парламент ишин баштагандан бери, алардын ар бирине орто эсеп менен 145 миң сом акча төлөндү. Мындан ары да алардын турак жайы үчүн бюджеттен акча төлөнүшу каралган. Бишкекте үйү жок депутаттардын ичинде Давран Сабиров, Эргеш Торөбаев, Рашид Тагаев, Султан Урманаев, Таалай Субанбеков, Кубанычбек Исабеков, Юрий Данилов, жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG