Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Президент К. Бакиев: Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек


Бишкек. 27-декабрда президент Курманбек Бакиев Аксы районунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу маселеси козголду. Мамлекет башчы Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деген пикирин билдирип, бул иш аягына чейин чыгарылаары жөнүңдө айтты. Бул тууралуу жолугушууга катышкан президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун «Азаттыкка» төмөнкүдөй билдирди:

«Аксы окуясына күнөөлүүлөр сот жообуна тартылышы керек деген пикирин президент да айтты. Ал ошондой эле Аксы окуясы боюнча тергөө иштери кайрадан жүргүзүлүшүнүн зарылдыгын да белгилеп, бул иш өзүнүн көзөмөлүндө экендигин билдирди. Президент Аксы окуясына байланыштуу ишти аягына чыгарууну баш прокурор Камбаралы Конгантиевге тапшырган», - деди Т. Акун.

Аксылыктар ошондой эле президентке Аксы окуясына күнөөлүү деп эсептелген адамдардын ысымдары жазылган тизмени тапшырышты. Анда Т. Акматалиев, О. Ибраимов, Б.Жанузаков, Ч. Абышкаев, К. Осмонов, З. Кудайбергенов жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG