Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

К.Конгантиев: Казакстандын атуулу М.Абжан өз өлкөсүнө Астана прокуратурасынын санкциясы аркылуу кайтарылды


БИШКЕК. Казакстандын атуулу Махамбет Абжанды Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдары коргоп, аны Кыргызстандын укук коргоочулары Казакстанга прокурордун санкциясы жок өткөрүп берди деген доомат коюсуна негиз жок. Бул тууралуу башкы прокурор Камбаралы Конгантиев 27-декабрда маалымат жыйынында билдирди.
- Махамбет Абжанды саясий негизде куугунтуктоо тууралуу Башкы прокуратурага кандайдыр бир расмий маалыматтар түшкөн жок. Ал
жалпы эле кылмышка жата турган аракети үчүн Кишинев Конвенциясынын 70- беренесине ылайык Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди,-
деди К. Конгантиев.

Башкы прокурор белгилегендей, Макамбет Абжандын үстүнөн экономикалык кылмыш иши козголуп Астана шаарынын прокурору Ташымбаев тарабынан, аны кармоого санкция берилип, Казакстанга өткөрүп берүү сунушу менен кайрылган. Башкы прокурордун маалыматына караганда, Абжан үстүбүздөгү жылы май айында Астана шаарынын маслихатын шайлоого байланыштуу Казакстандын патриот жаштар биримдигине республикалык бюджеттен которулган 1 млн. 362 млн. теңгени өз кызыкчылыгына пайдаланып, жок кылган.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова - “Башкы прокурордун маалыматтары жалган, президент Курманбек Бакиев 18-декабрда Макамбет Абжандын маселеси боюнча өзүм көзөмөлдөйм, Казакстанга өткөрүлүп берилбейт, деген. Жаңы бийлик качкындар боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарган жок”- деп, “Азаттыкка” билдирди.

Бишкекте баш паанектеген казак бийлигин сындап келген жаш саясатчы Макамбет Абжан 13-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып Бишкектеги убактылуу тергөө абагына камалган. 23-декабарда Казакстандын тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG