Эстония-Орусия чек арасында бүгүн Таллиндик Санта Клаус жана Москвалык Аяз ата жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода, байланыш маселелерин талкуулашат. Нарва деңизиндеги “Достук” көпүрөсүндө өтө турган сүйлөшүүнүн алды Санта Клаус эстон тилинде, Аяз ата орус тилинде калкка кайрылуу жасашат. Эстониянын салык жана бажы департаменти уюштурган бул саамалык эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу максатын көздөйт.