АКШ Иранга аскердик жабдыктар сатуу менен алектенген 9 чет элдик компанияга каршы санкциялар жарыялады. Алар Кытай, Индия жана Австрияда жайгашкан фирмалар. Бул чечим 2000-жылы Ирандын өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимине кошулганына негизделген. Ага ылайык Тегеранга кооптуу курал даярдоодо колдонулчу жабдыктар саткан компаниялар АКШда бизнес жүргүзө албайт. Буга чейин Вашингтон 40тай компанияга ушундай санкциялар киргизген.