Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

БАШЫ КАТКАН БИЙЛИК ЭМНЕ КЫЛАТ? ПИРАМИДАНЫН АРТЫНДА КИМ БАР?


Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулукта ар кыл пикирлери жана көз караштарды жаратты. Бул жаңы долбоордун оң жана терс жактары тууралуу “МСН”гезити жазды. Ал эми “Кыргыз Руху” гезитинин кезектеги санында конституциялык реформа боюнча анализ-макала орун алды.

27-декабрда жарыкка чыккан “Кыргыз Руху” гезитинде орун алган “Башы каткан бийлик кайсы жолду тандайт” деп аталган макалада ыңылаптан кийинки өлкөдөгү абал жана конституциялык реформа тууралуу сөз болот. Макала автору Койчуке Канаевдин жазышынча, конституциялык реформаны создуктура берүүнүн коомубуз үчүн терс жактарын ойго албай коюуга да болбойт. Бул ансыз деле 9 айдан бери жаңы бийликке карата болгон элибиздин зор үмүттөрүнүн турмуштук ырастоого ээ болбой келе жаткандыгын ого бетер күчөтүүдө. Ыңкылаптын конституциялык реформа менен бир байланышта каралышы мыйзам ченемдүү нерсе, анткени мурдагы бийлик режимин өзгөртүү коноституцияны өзгөртүү аркылуу гана болот, деп жазат автор.

Өлкөдө салык кодексинин жаңы редакциясынын айланасында ар кыл кызуу талкуулар жүрүүдө. Жаңы долбоордун колдоочусу болуп каржы министрлиги чыгууда. Ал эми салык консултанттар палатасы жана бизнес чөйрөсүндөгү өкүлдөр бул долбоорого терс көз караштарын билдиришүүдө. Ишкерлердин аталган долбоорго көз караштары мамлекет башчы, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасына даректелген кайрылууда жарыяланды. Салык кодексинин жаңы редакциясынын айланасындагы маселеге “МСН” гезити 27-декабрдагы санында кайрылды.

Ал эми ушул эле гезит 28-декабрда чыккан санында экс-президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева жиберген катка гезит окурманы Дүйшөн Амангазиевдин жооп- каты жарыяланууда. Анда каттын автору Майрам Акаевага кыргыз элин тынчтыкта калтырууну суранып, анын Кыргызстандын элине күйүп, сүйүп жатам деген сөздөрү элдин кыжырын келтирип жаткандыгын айтат.




“Пирамида” телекомпаниясынын айланасындагы ызы-чуунун изи азыр деле сууй элек. Бул маселе тууралуу 27-декабрда чыккан “Эркинтоо” гезитинде орун алган “Пирамидага” далдаланган караан ким?” деген макалада жазылат. Макала автору Эсенбай калдаровдун жазганына карганда, президенттин уулу Максим Бакиев ушул чыр чатактын артында турат деш уу-дуу кеп. “Пирамида” телеканалына “пиар”уюуштуруп, аны өзүнө көз каранды кылууга аракет жасаган “Инвест Медиа”ОсООнун иштерине Президент Бакиевдин үйбүлөсүнүн түздөн түз тиешеси бар деп, канкакшаган Кабай Карабековдун билдирүүсү суу кечпей калган сыяктуу, деп жазат макала автору.

Ушул эле гезитте “Тоок жылына калыс сөз, ит жылына эки ооз сөз ” деген макала орун алды. Анда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Николай Байло өтүп бара даткан жылга анализ жасады. Анын билдиргенине караганда 2005-жыл жалпы Кыргызстан үчүн зор тарыхый мааниге ээ. Жаңы бийликтин ишмердүүлүгүн эл көрүп жатат жана калыс баа берет. Ал эми жаңы бийликтин иштөөсунө мүмкүнчүлүк бербей, бирдеме болсо эле “саясатка”айландырып, “жыра тарта” берген менен эчнерсе чыкпайт, дейт Николай Байло “Эркинтоо”гезитине берген маегинде.

23-декабрда “Замандаш”журналынын жыл сайын өткөрүлүүчү “2005-жылдын мыктылары” аттуу жыл жыйынтыктоочу конкурс-фестивалы өттү. Анда 27 номинация боюнча жылдын мыктары жарыяланды. Бул иш чара тууралуу кеңири материал “Аргументы и факты” гезитини 28-декабрдагы санында чыгууда.
XS
SM
MD
LG