Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыргыз космонавты кыргызстандыктарды куттуктады


БИШКЕК. Учурда Кошмо Штаттарда иштеп жаткан кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов жалпы кыргызстандыктарды, алардын ичинде президент Курманбек Бакиевди, премьер министр Феликс Куловду, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду келаткан жаңы жылы менен куттуктады. Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматына таянып ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Салижан Шарипов АКШнын Техас штатындагы Жонсон атындагы Космостук борбордун эл аралык космостук станциясында иштеп жатат.

Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 29-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым облустарга кар калың түшөт. Бийик тоолуу аймактарда жол тайгак болот.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 2...7 градус суук.
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 1...6 градус суук болот.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 2...7 градус суук, күндүз 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 5...10 градус суук.
Ысыккөлдө түнкүсүн 2...7 градус суук, күндүз 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу.
Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4...6, күндүз 2..4 градус суук болот.


Кыргызстандагы соңку кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG