Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Акыркы эки суткада үч жолу жер титиреди


БИШКЕК. 28-декабрда таңкы саат сегизге жети мүнөт калганда Чүй облусунун аймагында дагы бир жер титирөө болду. Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришкенине караганда, жер титирөөнүн очогу Кемин районундагы Акторгой тоолорунда болуп, анын күчү төрт жарым баллга жетти. Мындан бир күн мурда, 27-декабрда Кыргызстандын аймагында дагы эки жер титирөө катталган. Анын бири ошол эле Кемин районунда болуп, анын күчү 4 баллга жеткен. Экинчи жер титирөө өлкө түштүгүндөгү Фергана тоо кыркаларында болуп, анын күчү Өзгөн шаарында 3,5-4, Жалалабад шаарында 3 баллга жеткен. Адистер минтип үч жолу удаама-удаа жер титириши анчейин деле кооптондурбастыгын, анткени бул Кыргызстандын табияты үчүн мүнөздүү көрүнүш экенин белгилешүүдө. Жалпысынан быйылкы жылда өлкө аймагында күчү төрт баллдан ашкан 20 дан ашуун жер титирөө катталган.

XS
SM
MD
LG