Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Кыргызстандагы кылмыштуулук саясатташкандыгы менен айырмаланат


БИШКЕК. Ички иштер министрлиги терроризмге, диний экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш структураларын реформалоого, ал аркылуу өлкөнү бейстабилдештирүү, элге чагым салуу өңдүү аракеттерге каршы күрөшкө айрыкча маани берет. Бул тууралуу ички иштер министри Марат Суталинов 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча ички иштер кызматкерлерине кайрылуусунда белгилеген. Министрдин айтымында Кыргызстанда кылмыштуулук Россиядагыдан саны менен эмес, саясатташкандыгы менен айырмаланат. Өткөн 11 ай ичинде өлкө боюнча 17227 оор кылмыш жасалган. Алардын катарына Жогорку Кеңештин үч депутатынын атып өлтүрүлүшүн кошууга болот. Быйыл милициянын 11 кызматкери да кызмат учурунда набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG