ЖАЛАЛАБАТ. 28-декабрда Шамалдуусай чек ара отрядынын жетекчилиги менен Бүргөндү айылдык ички иштер бөлүмү жергиликтүү тургундар менен бирге 26-декабрда Ноокен районунда катталган чек ара жаңжалын талкуулап, чыр-чатактардын себептери изилденди. Дүйшөмбү күнү түнкү саат он жарымда Коммунизм айылындагы Ношкен чек ара бекетинде контрабандалык жол менен пахта ташып бараткан «УАЗ» жеңил автомашинасы токтотулган. Чек ара тобуна мыйзамсыз пахта ташыган бир тууган Үсенбаевдер бычагы менен каршылык көрсөтүшкөн. Жергиликтүү 15 адам кыжырдануу менен контрабандисттердин таламын талашкан. Чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атканда алар менен Үсенбаевдердин бири качып кетишкен. Башынан жабырланган экинчи Үсенбаев Кочкората шаарындагы ооруканага жаткырылган. Мындай маалымат чек ара отрядынан шаршемби күнү алынды.