БИШКЕК. 2006-жылдын башында Кабулда ооган жана кыргыз парламентарийлеринин бийик деңгээлдеги жолугушуусу уюштурулушу ыктымал. Буга байланышкан пикирин Ооганстандын элчиси Шахажахан Ахмади Мухамад Али Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен 28-декабрда болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бул маселени элчи Ооганстанга барганда расмий тарап менен акылдашат. Кабул жолугушуусунда тараптар эки тараптуу кызматташтык багыттарын, анын ичинде ооган депутаттарынын 2006-жылы жазында Кыргызстанда болору күтүлүп жаткан тоо саммитине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Төрага менен элчинин жолугушуусунда мындан тышкары экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз болду. Элчи Кыргызстандын электр энергиясын Ооганстан аркылуу Пакистанга, Иранга жана Кытайга сатуу жөнүндө келишим түзүлүшүнө Ооганстан тарап кызыкдар экенин билдирди.