Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Өкмөт пенсия курагын кичирейтүүнү эл аралык валюта кору менен акылдашып чечет


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү келерки жылдын биринчи мартынан баштап пенсия курагын кыскартуу жараянын баштоону көздөөдө. Ар бир алты айда кайталануучу бул аракет аркылуу бара-бара эркектердин пенсияга чыгуу курагы 63 жаштан 60 жашка, аялдардыкы 58 жаштан 55 жашка теңештирилиши керек. Бирок, бул жараянды баштаардын алдында өкмөт 15-февралда Бишкекке келери күтүлүп жаткан эл аралык валюта корунун миссиясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, буга кетчү каражатты өкмөт өз мойнуна аларын убада кылат. Бул тууралуу вице-премьер министр Адахан Мадумаров 28-декабрда маалымат жыйынында билдирди.
Буга чейин мындай кадамга эл аралык валюта кору менен дүйнөлүк банк каршы болуп келген. Бюджетти талкуулап жаткан парламент пенсия курагын азайтууну өкмөткө кабыргасынан коюуда. Пенсия курагын кыскартуу үчүн 300 миллион сом талап кылынаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG