Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Укук коргоочулар: Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетти


БИШКЕК. Казакстандык оппозициячыл жаш саясатчы Махамад Абжанды Казакстандын бийлигине өткөрүп берүүдө Кыргызстандын Конституциясы, эл аралык жана аймактык келишимдер одоно бузулду. Мындай билдирүүнү 28-декабрда «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында адам укугу жана мыйзамдуулукту сактоо бюросунун башчысы Наталья Аблова жана «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова жасашты. Алардын баамында Кыргызстандын башкы прокуратурасы Казакстан тараптын сунушун иликтөө үчүн Кишинев конвенциясы чектеген 60 күндү пайдаланган эмес жана Абжанды адвокат менен камсыз кылган эмес. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу доо кетирди. Мындай көз караштагы укук коргоочулар Махамад Абжандын укугун коргоо максатында Кишинев конвенциясынын комитетине, БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине, адам укуктарын коргоо комиссиясына кайрылышарын, бул иш чаралар казакстандык укук коргоочулар менен бирге жүргүзүлөөрүн билдиришти. Башкы прокурор Камбараалы Конгантиев бир күн мурда берген маалымат жыйынында, Махамад Абжан Казакстандын башкы прокуратурасынын өтүнүчүнө ылайык кылмышкер катары өткөрүлүп берилгенин, бул Кишинев Конвенциясынын чегинде ишке ашканын билдирген.

XS
SM
MD
LG