Англияда катаал аба ырай шарттарынан улам жүздөгөн поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады. 25 см дей бийиктикке түшкөн кар Британиядагы бир катар футбол мелдештерин, ат жарыштарын токтотту. Германия, Швеция, Данияда кардуу бороондон улам аба каттамдары кийинкиге жылдырылды. Чехия, Австрия, Италиянын түндүгүндө калың кардан улам чоң автожолдор бир нече саатка жабылды. Францияда катуу сууктан улам үй-жайсыз адамдар үчүн утурумдук баш калкалаар жайлар ачылды.
Эл аралык жаңылыктар топтомун Венера Сагындык кызы даярдады.
Эл аралык жаңылыктар топтомун Венера Сагындык кызы даярдады.