Кечээ Украинанын энергетика министри Иван Плачков Москвада Орусиялык кесиптеши Виктор Христенко менен жолугушуп, газдын баасынан келип чыккан тирешүүнү талкуулады. Жолугушуу майнапсыз аяктаганын кабар агенттиктери маалымдашты. Сүйлөшүүнүн алдында “Газпромдун” өкүлү Борис Федоров билдиргендей: “Орусия ойдо жок нерсени сурап жаткан жок. Товар сатууда Америкалык болобу, же Германиялык фирма болобу, эч убакта кимдир бирөөгө аны анык баасынан үч эсе арзан сатпайт. Дүйнөдө эч ким андай кылбаса, эмне үчүн Орусия ага барышы керек?” Орусия Украинага жаңы жылдан тарта газдын баасын төрт эседен көбүрөөк кымбаттатарын эскерткен/ Шейшембиде украин президентинин кеңсеси бул талашты чечүүгө жардам берүүнү өтүнүп Киев АКШ менен Британияга кайрыла турганын билдирди.