Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

КЫРГЫЗСТАНДА ТУРИЗМ ТАРМАГЫНА ТӨҢКӨРҮШ КЕРЕК


Кабыл Макешoв, Бишкек 2005- жылы Кыргыз жергесине чет өлкөлөрдөн былтыркыдан аз турист келген. Себеби, өлкөдөгү ыңкылап, жайында өткөн президенттик шайлоо жана башка жагдайлар туристтердин аз келишин шарттаган.

Ыңкылаптан кийин бир катар мамлекеттик структуралар өзгөрдү. Жаңы бийлик тарабынан спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин курамынан туризмди өнөр жай, соода министрлигинин курамына кошконун адистер туура көрүшүүдө. Кыргызстандык турфирмалар чет өлкөлөрдө өткөн 9 эл аралык жармаңке, көргөзмөгө катышып, өлкөнүн эс алуу жайлары тууралуу маалымат беришкен. Ошентсе да өтүп бараткан 2005-жылы чет өлкөлөрдөн туристтер мурдагы жылдардан бир кыйла аз келди. Былтыр чет жерден 738 миң турист кыргыз жергесине келсе, быйыл 600 миңден бир аз ашуун турист келген.
Мурдатан талаш болуп келаткан Ысыккөлдөгү 4 пансионат Казакстан өлкөсүнө берилмек болду. Чынында Ысыккөлдө эс алуучулардын 70-80 пайызын казакстандык туристтер түзгөнү менен быйыл алардын саны азая түшкөнүнүн себептерин жана өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө тооскол болуп жаткан жагдайлар тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзбеков мындайга түшүндүрдү:
-Биринчиден, туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу зарыл. Тейлөө менен баанын айырмасы асман менен жердей болуп турат. Экинчиден, Кыргызстанда жолду оңдоп, жаңыдан салуу керек. Биз тарап Алматыдан Бишкекке чейинки жолду кайра оңдоп курдук. Эми Кыргыз өкмөтү жок дегенде Бишкектен Чолпонатага чейинки жолду жөн эле жамаачылап, оңдоп койбостон кайра кеңейтип жаңы салуусу зарыл. Анан аба жол каттамдарын дагы жакшыртуу керек. Жолдон чет өлкөлүк автоунааларды себеби жок токтотуп, тоной бермей адатты жоюуш керек. Ысыккөлгө инвестиция алып келүүгө кызыкдар, дилгир казак бизнесчилери арбын. Алардын куруп койгон эс алуу жайларын эртең тартып албайт деп кепилдик болчу мыйзам актыларын кабыл алуу шарт.

Кыргызстандагы 24-марттагы окуялардан кийин өлкөдө туризм болгон жана боло бере турганын дүйнө коомчулугуна маалымдоо үчүн «Кыргызстан- туризмдин өлкөсү» аттуу клуб түзүлүп , бул тармакка кызыккандардын башын бириктирди. Туризм тармагындагы мурдакы аракеттер улантылып жатат. Ошентсе да Кыргызстандын кооз жаратылышы туризмдин өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн, ал үчүн туристтерди тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууну, коопсуздукту жана маркетинг кызматын колго алуунун зарылдыгын чет элдик эксперттер белгилешүүдө.
Рекламанын жоктугу, кадрлардын билим деңгээлинин төмөндүгү өлкөдөгү туризмдин өсүп- өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатканын Кыргыз улуттук университетинин туризм кафедрасынын башчысы, профессор Турду Жыргалбеков белгилейт:
- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго албай жатабыз. Ал үчүн каражат керек. Анан дагы туризм кадрларынын билим деңгээли учур талабына жооп бербейт. Бийик кабаттуу мейманканалардан, шаарлардан батыштык туристтер тажап бүтүштү. Биз аларга Кыргыз туризмин тартуулап, өзгөчөлөнгөн улуттук этнографиялык, ат, боз үй, аңчылык, рафтинг жана башка туристтик кызматтарды сунуш кылуубуз керек. Кыскасы Кыргызстандын туризм тармагына төңкөрүш керек болуп турат.

Кыргызстанды туризмдин өлкөсүнө айландырууга негиз бар. Бул үчүн дүйнөлүк туристтик уюм менен кызматташууну чыңдап жатышканын өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин орун басары Турусбек Мамашев айтып, мындай деди:
- Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытууга толук негиз, мүмкүнчүлүктөр бар. Эл аралык, чет жерден келген туристтерди тейлөөнү жакшыртуу аракетин көрүү менен туристтик базардагы конкуренттүү атаандаштыкты калыптандырууну да көздөп жатабыз. Рекламалык- маркетинг кызматы да жакшы деңгээлге жеткире албай жүрөбүз. Кыргызстан жөнүндө дүйнө жүзүнө тараткан маалыматыбыз бир тамчыдай эле. Маалымат майданында иштеп, виза режимин жөнөкөйлөштүрүүгө аракет кылып жатабыз.

Чынында быйыл Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Быйыл чет өлкөлөрдөн 600 миңдин тегерегинде турист келген. Ысыккөлдөн сырткары башка аймактарда дагы туризмге көңүл буруунун зарылдыгы өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин аймактык туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асхад Маметов айтты:
- Жергиликтүү калк дагы туризмдин маани- маңызын түшүнүп калышты.Ысыккөлдө мурда балдар үчүн жайкы эс алуунун уюштурган 50дөн ашуун пионер лагерлери болсо, Аскар Акаевдин бийлиги учурунда көпчүлүгү жеке менчикке сатылып кеткен. Ал эми ыңкылаптан кийин өлкөгө келген туристтердин саны кескин азайып кетти деген пикирлерге кошула албайм. Аймактык туризмди өнүктүрүүгө аракеттер көрүлүүдө. Москвада өтө турган туристтик жармаңкеге катышканы турабыз.

Эмдиги жылы жайында Соңкөлдө эл аралык фольклордун фестиваль, Бишкекте, жана Чолпонатада эл аралык туристтик жармаңкелер өткөрүлөт. Чынында Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар. Өлкөдө расмий катталган 4 миңдей турфирма болгону менен анын элүүгө жакыны гана жигердүү иштеп жатканын адистер айтышууда.
2005- жылы туризм тармагына 585 миллион доллардан ашуун инвестиция келген.
XS
SM
MD
LG