Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Өкмөт жаза өтөө мекемелерин реформалоо улуттук программасын иштөөгө киришти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү февраль айына чейин кылмыш жаза аткаруу мекемелерин реформалоо боюнча улуттук программа иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу премьер министр Феликс Кулов жетектеген өкмөттүк жыйында маалымдалды. Жыйында бул тармакты жакшыртуунун жолдору талкууланды. Премьер министр атайын мекемелердеги жагдайды ар кандай майда кылмыш жасагандарды жазалоону жеңилдетүү аркылуу оңдоого болот деп эсептеди. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы Капар Мукеевдин айтымында, бул жол аркылуу жаза өтөп жаткандардын санын 6 миңге кыскартууга болот. Ал эми адилет министри Марат Кайыповдун болжолунда 2 миң гана адамды кыскартууга мүмкүнчүлүк бар. Статистикалык маалымат боюнча Кыргызстандын жаза өтөө мекемелеринде 16 миң адам жаза өтөп жатат. Башкача айтканда, ар бир 100 миң адамга 316 соттолгон адам туура келет.

XS
SM
MD
LG