Швейцариядагы федералдык сот ушундай чечим чыгарды. Евгений Адамов быйыл майда америкалык бийликтердин талабы менен Швейцарияда кармалган эле. Вашингтондо аны Россиядагы атомдук электр станцияларынын коопсуздугу үчүн бөлүнгөн 9 миллион долларга чукул каражатты кымырып алган деп эсептейт. Швейцарияда сот 3-октябрда Адамовду АКШга өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алган эле. Бирок адвокаттар бу чечимге даттанып,кайра сотко кайрылышкан.