Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Өзөктүк программага Вашингтондун көзү сак


Вашингтон Иран менен Орусия ортосундагы өзөктүк программа боюнча кызматташтыкты абайлап колдоорун билдирди.Бейшембиде Ирандын ырасмий өкүлү Жавад Ваиди Тегеран Орусиянын өз аймагында уранды байытып берүү жөнүндөгү сунушун жакшылап изилдейт деп билдирген. Вашингтон Тегеран Москванын сунушун кабыл алса маселеде жылыш болмок деп эсептейт. Европа Биримдиги жана АКШ колдогон Москванын сунушу боюнча, Иран чет өлкөдө байытылган уранды колдонсо, өлкөнүн атомдук курал даярдоо мүмкүндүгү жоюлмак. Москва маселени талкуулаш үчүн жакында атайын делегация Тегеранга барат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG