Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Украина Орусиянын карызга сунуш кылган акчасынан баш тартты


Украин президенти Виктор Ющенко Орусиянын президенти Владимир Путиндин Киевге газ сатып алууга 3,6 млрд. доллар карыз берүү сунушун четке какты. Эки өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү бир жумадан бери газдын баасын макулдаша албай талашып жатышат. Орусия Украинага жаңы жылдан тарта газдын баасын 4 эседен көбүрөөк кымбаттатаарын эскерткен, Киев бааны акырындап өзгөртүү керек деген пикирде. Владимир Путин бейшембидеги сүйлөшүү маалында: “Силер – мен Орусия жана Украинанын өкүлдөрүнө бирдей кайрылып жатам, маселени чатакка айландырдыңар, бул чатак азыр эки өлкө ортосундагы кризиске өтүп баратат, бул абдан жаман”, - деп эскертти. Сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылат, Киев кышка жете турган газ запасы бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG