Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

ЭКИ МИҢДЕЙ ЗЫЯРАТЧЫ МЕККЕГЕ ЖӨНӨЙ АЛБАЙ ТУРАТ


Кожогелди Кулуев, Бишкек Саударабстандын ажы министрлиги Кыргызстанга быйыл башка өлкөлөрдөй эле жалпы мусулмандардын 10 пайызынын ажыга барышы үчүн квота берген. Демек, 4,5 млн. мусулмандан 4,5 миң адам бармак. Суроо-талаптар көп болуп жаткандыгын эске алуу менен кийин кыргызстандык 500 зыяратчыга да кошумча виза ачышкан. Бирок, Кыргызстандан быйыл ажы сапарына аттангандар 7 миңге жакын болгондуктан, учурда 2 миңге чукул зыяратчы Бишкектен Саударабстанга жөнөй албай жатат жана виза талап кылууда.

Адегенде ошол виза ала албай калышкан, башкача айтканда, эл-журтунун батасы менен ажы сапарына жөнөп, бирок, Бишкектен чыга албай турушкан айрым адамдардын сөздөрүнө кулак төшөйлү. Рахматулла Чамашев:

-Мен Алай районунун Корул айыл өкмөтүнөн келдим. Союшумду союп, элге чай берип, бата алып чыктым эле. Бул жерде Меккеге кете албай ыйлагым келип турат. Эмки жылга калган менен - өлүп калсамчы…

Алимбай Таштанбеков:

Биз Чоңалайдан 17-декабрда чыкканбыз. Бир автобуска ылайык киши чогулуп турабыз бу жерде. 48 кишибиз. Виза күтүп атып – чарчадык. Ушунча ниет кылып чыккандан кийин, муфтиятпы, Президентпи, кандай болбосун Меккеге жөнөтсүн бизди?!Мал-келибиздин баарын сатып ийип келгенбиз...

Жалалабаддан келген Мухтар Манасов бүгүн Бишкектен Саударабстанга визасы жок 600дөй зыяратчы тобокелге салып эле автобустар менен жөнөй беришкендигин маалымдады:

20дай автобус ээрчишкен бойдон чыгып кетти. Алардын Йорданияга чейин гана визалары бар. Саударабстанга киргизбейт аларды бүт. Мамлекетибиз ошолордун да маселесин чечпесе болбойт жеткиче.

Мурунку жылдары бөлүнгөн квоталык орундар өп-чап гана толчу экен. Эмне үчүн быйыл зыяратчылардын саны Кыргызстанда кескин көбөйүп кетип, мындай курч кырдаал түзүлүүдө? Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөсү Марат-ажы Усуповдун жообу:

Жылда мындай болчу эмес. Эмдиги жылы автобус менен ажыга баруу токтотулат деген сөз тарагандан кийин эле жабылып жөнөп киришти окшойт.

Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Шаршеке Үсөнов ажылыкты уюштуруу иштериндеги айрым баш аламандыктарды жана зыяратчылардын талаптарынын аткарылышы үчүн көрүлгөн аракеттерди белгиледи:

Тиешелүү тараптар териштирип атышат кимдер күнөөлүү экендигин. Эмне үчүн 5 миң кишиден кийин документ чогултуу токтотулган эмес? Так маалыматты айтсак, азыр 1750дөй зыяратчы виза күтүүдө. Саударабстандын ажылык министрлигине сураныч жиберилген. Бирок, убакыт чукул болуп атпайбы.

Ажы сапарына чыгалбай Бишкекте жүргөндөрдүн бир даары муфтиятка, бир даары өкмөткө нааразылык билдиришүүдө. Кыргызстан мусулмандар муфтийинин милдетин аткаруучу Нематулла-ажы Жээнбеков жагдайды туура түшүндүрүүнүн ордуна каршылаштырган күчтөр да жок эмес деп эсептейт:

Бул нерсени, визанын жетпей калгандыгын тескери нерсеге айлантып, ушундан да саясат жаратууга кызыгдар күчтөр бар экендиги ачык байкалып калды. Болбосо, бул маселеде Кыргызстандын да, Саударабстандын да кылдай күнөөсү жок ко.

Нарындан келген Токтобек Бакаев Кыргызстандагы ушул курчуп бараткан кырдаалдын өзүнөн жакшылыктын гана белгисин көрөт:

Менин билишимче, ажыга барыш үчүн көп мамлекеттерде бир нече жылдап кезекке турушат. Кыргызстанда да ошондой болгону калыптыр, буюрса. Ажыга баруучулардын көбөйгөнү – элдин байыгандыгын да корсөтөт эмеспи.

Саударабстанга виза алуу маселесин тездетип чечүү талабы менен зыяратчылардын бир тобу бүгүн Акүйдүн да астына барышты. Саударабстандын ажы министрлигинен болсо дале жооп жок.
XS
SM
MD
LG