Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Носов менен Лысогоров Москвада кармалды


Бишкек. Кыргызстандын Жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Владимир Носов менен Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча улуттук агенттигинин мурдагы начальниги Юрий Лысогоров Москвадан кармалды. Бул иш Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Москванын ички иштер органдарынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлдү. Март ыңклабынан кийин Кыргызстандын башкы прокуратурасы Носов менен Лысогоровдун үстүнөн ээлеген кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген келишимдерге кол койгон деген кинелер менен кылмыш иштери ачылган. Маалыматтарга караганда, кармалгандар буга чейин жеңилдетилген жол менен Орусиянын атуулдугун алышкан. Ошондуктан, эми Минск Конвенциясына ылайык, Кыргызстандын прокуратурасы Россиянын тиешелүү органдарынан Лысогоров менен Носовду Кыргызстанга өткөрүп берүүнү өтүнүүдө.

XS
SM
MD
LG