Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва. 2005-жылдын акыркы аптасында орусиялык гезиттерде Кыргызстандагы окуялар жана борборазиялык өлкөлөрдөгү абал тууралуу макалалар адаттан көп жарыялангандай болду. Басылмалардын көбүндө Кыргызстандан башпаанек издеп барган казакстандык жаш оппозиционер Махамбет Абжанга тиешелүү кабарлар, Кыргызстандагы конституциялык реформа жана Айдар Акаевди издөө боюнча баш прокурордун сөздөрү маалыматтык негизди түзгөн башкы окуялар катарында берилди.

«Бакиев революционерлердин көңүлүн калтырды». Аптанын биринчи күнүндө жарыкка чыккан макаласын «Время новостей» гезитинин кабарчысы Аркадий Дубнов ушул сөздөр менен баштады. Анда Дубнов Казакстандагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстанга саясий башпаанек издеп барган казакстандык жаш оппозиционер, «Казакстандын патриот жаштарынын Биримдигинин» лидери, Махамбет Абжандын айланасындагы чатакка кайрылат. Баласынын ал-акыбалынан кабар алганы келген Махамбет Абжандын ата-энеси кыргыз бийликтеринин аны Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу чечимин уккандан кийин, буга зээни кейип, «Кыргызстанда биздегидей диктатура эмес, демократия орногон деп ишенген экенбиз. Феликс Кулов деле түрмөдө олтурган, андыктан саясий себептер менен түрмөдө олтуруу эмне экенин түшүнөт ко деп ойлоптурбуз» дегени айтылат. Анан мунун баарына тыянак иретинде, 24-декабрда өткөн Элдик курултай жөнүндө айтып, «Кыргызстандагылар лидерди туура эмес тандашкандары үчүн кечирим сураганга даяр» деп жазды «Время новостей».

Дегинкиси, кахакстандык оппозиционерди алгач «кыргыз бийликтери Казакстанга өткөрүп бериптир» деген кабар таркаса, кийинчерээк бул чындыкка жатпайт экен» деген маалымат айтылды. Бул маселеге жогоруда аталган «Время новостейден» сырткары, «Газета» басылмасы да улам кайрылып жатканы байкалды.

Жумурияттагы жалпы эле саясий кырдаал жана конституциялык реформа айланасындагы маселелерге кайрылган макаласында «Российские вести» басылмасы «Азыркы бийликке жаңы Конституциянын негизинде өлкөнүн саясий башкаруу формасы туралуу макулдашуу татаал болуп калат. Андыктан бийлик атайылап эле бул процессти создуктуруп жатат» деп белгиледи.

Ал эми жыл жыйынтыгын чыгарган макаласында «Ведомости» гезити жалпы эле постсоветтик аймактагы негизги саясий окуяларга кайрылды. «2005-жылы жалпы эле аймактагы саясат 2004-жылы Украинада жүз көргөн ыңкылаптын айланасында түзүлдү» деп белгилейт басылма. Дал ушул «украин ыңкылабы» анын артынан болгон «кыргыз ыңкылабына» жол берди. Бирок «Ведомости» 2005-жылы революциячыл маанай, буга чейин күтүлгөндөй, жалпы аймакты каптабаганын, болгону Кыргызстан менен аяктаганын айтат. «Мисалы Борбор Азиянын көпчүлүк бөлүгүндө, Беларуста, Арменияда жана Азербайжанда бийликтер өздөрүндөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алып, оппозицияга жана басма сөзгө басымды күчөтүштү. Бул эле эмес, айрым өлкөлөрдөгү ыңкылаптар калган мамлекеттерди Орусияга жакын болууга, Кытай менен алаканы жакшыртууга түртө баштады» дейт басылма. Ошондуктан 2005-жыл, «Ведомости» белгилегендей, Орусиянын постсоветтик аймактагы таасиринин күчөшүн аныктаган жыл болду.

Бул маселелерден сырткары, Кыргызстандагы «Бител» компаниясы менен байланышкан чуулгандуу маселелерди «Компания» журналы менен «Ведомости» гезити кеңири чагылдырып турушту.
XS
SM
MD
LG