Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Санкт-Петербургда КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт


БИШКЕК. 20-25-январь күндөрү Санкт-Петербургда КМШ өлкө башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Анын ишине Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин да катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу 1-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Аталган саммитте КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий, экономикалык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралат. Мында ошондой эле шериктештиктин органдарын реформалоо маселеси да талкууланмакчы. Бул маселелер КМШнын мамлекет башчыларынын өткөн жылы август айында Казанда өткөн саммитинде да козголгон. Санк-Петербургда Орусия менен Кыргызстандын президенттеринин экономикалык, коопсуздук тармактарында кызматташууну жакшыртуу боюнча бир нече документтерге кол коюшу да күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG