Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Испанияда тамеки чеккиң келсе, атайын жайды изде


Испанияда бүгүндөн тартып коомдук жайларда чылым чегүүгө тыйуу салынды. Европада чылым чегүүдөн биринчи орунда гректер, экинчи орунда испандар турат. Испан өкмөтүнүн маалыматы боюнча, ар бир үчүнчү испан тамеки чегет жана жыл сайын темекиге байланыштуу дарттан 50 миң адам көз жумат. Испан парламенти өткөн айда бекиткен мыйзамга ылайык, испандар тамекини атайын бөлүнгөн жерлерде гана чегиш керек. Буга чейин тамеки чегүүнү чектеген мыйзам Ирландияда, Швецияда, Норвегияда кабыл алынган.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады

XS
SM
MD
LG