Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Орусия Украинага газ берүүнү азайтты


Москва жаңы жылдын биринчи күнү Украинага жөнөтүлгөн газды бууп баштады. Орусиянын газ монополисти - “Газпром” Украина 2006-жылга сунуш кылынган финалдык келишимге макул болбогондон улам катаал кадамга барганын билдирди. “Газпромдун” өкүлү Куприяновдун ырасташынча, газды берүүнү кыскартуу Батышты “көгүлтүр отун” менен камсыздоого таасир этпейт. Ырасмий Киев атайын билдирүү жасай элек. Бирок Украинанын улуттук мунай-газ бирикмеси - “Нафтогаздын” өкүлү Эдуард Занюк газ куурундагы басымдын төмөндөгөнүн тастыктады.

XS
SM
MD
LG