Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

АДАМДАР ЭШЕКТЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГООГО КИРИШТИ


Өткөн жылы дүйнөдө эсте каларлык кандай кызыктуу окуялар болду?. Кореяда кээ бир кишилер 5 жылдан бери айдоочунун күбөлүгүн ала албай жүрсө, башкалары чачтарын “коммунисттик стандарттарга” ылайык, 5 сантиметрге чейин кырктырууга мажбур болушту. Индияда жапыз бойлуу эркектер өз укуктарын коргоо үчүн биригишсе, ал эми Анлияда адамдар эшектердин укуктарын коргоого киришти.

Түндүк Корея жаңы согуш ачты.

Өлкөнүн бардык эркектери чач тарачтарга жиберилди. Мамлекеттик телевидение кыска чач үчүн массалык үгүт өткөрүп жатат. Кампания өтө жөнөкөй аталат – “Чачыбызды иретке келтирели!”
Тележурналисттердин артынан күрөшкө гезиттер менен радиостанциялар кошулду. Түндүк Кореянын бийлиги буга чейин деле элди жакшы кийинип, жакшы прическа жасап жүрүүгө чакырып келген. Бирок бул жолку кампания муруңкулардан ашып түшөт. Эркектердин чачтарынын узундугу 5 сантиметрден ашпашы керек. Улгайган адамдарга 7 сантиметрге чейин уруксат берилди.
Чачтарын кырктырууга үлгүрбөгөн жарандар, коммунисттик идеалдарга сыйбаган кишилер катары телевизордон көрсөтүлдү.
Душмандардын стилинде кийинип жүрүү, социалисттик эмес прическа жасатуу - өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат, - дешет Пхеньяндын идеологдору.


Жапыз бойлуу эркектер өз укуктарын коргошот

Индиянын Керала штатында жапыз бойлуу эркектер өз укуктарын коргоо үчүн ассоциация түзүштү. Ага азыр 300 киши кирет. Уюм штаттын жетекчилигинен айрым жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды талап кылууда. Маселен, автобуста бекер жүрүү, жумушка алууда квота бөлүп берүү. Ассоциацияга бою 135 сантиметрден ашпаган эркектер кире алышат.
Мындай уюмду түзүүгө жакында экрандарга чыккан “Ажайып арал” деген фильм түрткү болду дешет. 300 эргежел тартылган ал тасма Индияда хитке айланды. Уюмдун активисттеринин бири – Асокан: “Кичинекей боюбуздун айынан биз дискриминацияга туш болуудабыз”, - деп даттанат. Бул - адам укуктары маселеси деп улантат университеттин бүтүрүүчүсү Томас Жозеф. Биз өзгөчө жумуш рыногунда адилетсиздикке кабылабыз. Мени бир нече жолу жумушка алышпай коюшту, - дейт Томас.
Жергиликтүү мыйзам чыгаруучулар карликтердин талаптарына эмне деп жооп беришет?
Жеңилдиктер денесинин 40 проценти деформацияланган адамдарга берилет. Алардын арасына бою жапыз кишилерди киргизүү үчүн мыйзамдарды толукташ керек, - дейт депутат Пити Томас.
Айта кетели, ошол эле Керала штатында 1999-жылдан бери бою узун эркектердин ассоциациясы иштеп келатат.



Аты уйкаш кишилердин рекорду жаңыланды.

Дубаиде аттары уйкаш кишилер бир жерге чогулуп, буга чейинки рекордду жаңылантышты. 2003-жылы Испаниянын шаарларынын биринде жарманкеге 375 Мария атту кыз-келин топтолгон. Дубаинин мэриясы Мухамед аттууларды шаардагы парктардын бирине келүүгө чакырган. Мухамед - мусулмандардын эң көп кездешчү ысымы. Кээ бир маалыматтарга караганда, жолугушууга 1500-2000 чукул Мухамед, алардын арасында ымыркайлар менен абышкалар келген.
Алардын аттары чындап эле Мухамед экенин далилдеш чүн бардыгы тең метрикелерин көтөрүп келүүгө милдеттендирилген.
.




Адамдар эшектердин укуктарын коргоого киришти


Англиянын Блэкпул курортунда туристтерди тейлеген эшектер менен аттарга дем алуу сааттары берилип берилбегендигин атайын топ текшерип жатат. Жыл сайын жаныбарларды ветеринарлар да жакшылап карап чыгууга тийиш. Алар негизинен тиштерин, туяктарын жана түгүн текшеришет. Эшектер менен аттар күнүнө 7 сааттан көп эмес иштеп, жума күнү аларга эс алуу берилиши керек. Мэриянын өкүлү бул бизнес менен көп жылдан бери алектенип жүргөндөр, жаныбарлардын саламаттыгы, алардын маанайы канчалык маанилүү экенин жакшы андашат дейт.






Айдоочунун күбөлүгүн ала албай беш жыл азап чекти.


Түштүк кореялык Со Сан Мун 5 жылдан бери айдоочунун күбөлүгүн ала албай жүрөт. Жакында ал машинаны айдоонун теориясы боюнча сынактан өттү. Буга чейин 69 жаштагы Мун 271 жолу экзаменден кулап калган.
Эми аны практика боюнча сынак күтүүдө. 2000-жылга чейин Түштүк Кореяда машина айдаганды үйрөнгүсү келгендер жазуу түрүндө экзамен беришчү. Мун же жазганды же окуганды билбейт. Оозэки сынак киргизилгенден кийин гана ал курстарга жазылып, бирок жол эрежелерин жакшылап жаттай албай улам кулап калчу. Соңунда Мун экзаменин ийгиликтүү тапшырды. Мугалим-инструкторлор аны менен кошо абдан сүйүнүштү. “Мун 5 жылдан бери бизге келип жүрөт, ал биз үчүн үй-бүлөө мүчөсүндөй эле болуп калган”, - дейт экзаменаторлордун бири.
2006-жылы Со Сан Мун күбөлүгүн ала алат болду бекен?



2005-жылы Ооганстандагы жөөттөрдүн саны бир эле күндө эки эсе азайды.

Эмне дегенде, Ооганстанда болгону 2 жөөт бар болчу. Алардын бирөө 80 жаштагы Исхак Левин көз жумгандан кийин, Зебулон Симентов Ооганстандагы жападан жалгыз жөөт болуп калды.
Арийне кошунасы Левиндин кайтыш болушу Симентовту капага салган жок. Ал жаман адам болчу. Мени өлтүрүүгө да аракеттенген. Эми мен бул жерде жалгыз жөөтмүн, өзүм өзүмө башкармамын”, - дейт Зебулон.
Кээ бир жөөт уюмдарынын маалыматтарына кайрылсак, жөөттөр Ооганстанга 8 кылымда келген. Алар негизинен Кабул менен Гератта жайгашышкан. Бирок акыркы убакытта дээрлик бардык жөөттөр Ооганстандан башка өлкөлөргө көчүп кетишкен. 5 миң жакын жөөт 1948-жылы Израилге эмиграциялашкан. Жер которуунун экинчи ири толкуну советтик аскерлер киргизилген 1979-жылы катталган.




“Битлз” тобу дагы бир жолу 20-кылымдын символу деп таанылды.

Ливерпулдук төртилтик Луи Армстронг, Чарли Чаплин, Элвис Пресли өңдүү жылдыздарды артта калтырды.
Бул жолку сурамжылоону америкалык “Вэрайети” журналы өткөргөн.
Журнал окурмандарына шоу-бизнестин эң таанымал 100 ысымдарын сунуш эткен. Алардын арасында актерлор, музыканттар, режиссерлордон баштап мультфильмдердин каармандары да бар болчу.
Өйдөкү саптарды негизинен Голливуддун актерлору жана музыка дүйнөсүнүн өкүлдөрү ээледи. Эң таң калычтуусу окурмандар Рок-н-роллдун падышасы Элвис Преслини Мерлин Монро жана Микки Маустан кийинки 10-орунга жайгаштырышкан.



13 жылга созулган иш таштоо токтоду.


Калифорниядагы жаңгак фабрикасынын кызматкерлери 13 жылдан ашуун убакытка созулган иш таштоосун токтотушту. 1991-жылы жумушчулар менен ишкананын администрациясы маяна боюнча орток пикирге келе албай, иш таштоо башталган. Эми жаңы беш жылдык келишим түзүлүп, жумушчулар фабрикага кайтып келе алышат. Бирок алардын көпчүлүгү 13 жылдын ичинде жаңы иш таап алышкан. Профсоюз жумушчулардын кайтып келиши күмөн дешет. Ишкананын жетекчилиги эски кызматкерлерге жооп берүү үчүн 10 күн убакыт берди.
1985-жылы калифорниянын алмаздары аттуу фабриканын жумушчулары ишкана кыйын кезеңди кечирип жаткандыгына байланыштуу маяналардын төмөндөтүлүшүнө макул болушкан. Бирок финансылык абал жакшыргандан кийин деле кызматкерлердин төлөмдөрү ошол эле деңгээлде калган. Натыйжада алар иш жерлерин таштап кетип калышкан.


Рейганды мекендештери Американын эң улуу атуулу деп аташты.

2003-жылы 93 жашында каза болгон Рейган кулчулукту жойгон Авраам Линколнду, каралардын укуктарын коргоочу Мартин Лютер Кингти артта калтырды. Улуттун атасы деп атыккан Жорж Вашингтон 4-орунду ээледи. Физик Алберт Эйнштейн жана Айга биринчи болуп барган Нил Армстронг тизменин биринчи 10 сабына илинбей да калды. 9-орунда болсо белгилүү теле алып баруучу Опра Уинфри жайгашты. Эң кызыгы 5чи болуп америкалыктар азыркы президент Жорж Бушту, 6чи кылып мурдагы президент Билл Клинтонду тандашты.
Сурамжылоо Дискавери каналы тарабынан уюштурулган. Ага 2, 4 миллион америкалык катышты.
2002-жылы ушундай эле сурамжылоо Британияда өткөрүлүп, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында премьер-министр болуп турган Уинстон Черчиль эң улуу британиялык деп аталган. Француздар Шарль де Гольду, немистер болсо Конрад Аденауэрди эң улуу мекендеши деп эсептешет. Кыргызстанда ушундай сурамжылоо өткөрүлсө “Эң улуу кыргыз” деген наам кимге ыйгарылмак?



Түштүк Африканын борбору атын өзгөрттү

Түштүк Африка жумуриятынын борбор шаарынын аталышы Преториядан Тшванеге өзгөртүлдү. Географиялык аталыштар боюнча кеңеш 4 саатка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келди. Претория деген сөз голландиялык бурлардын каарманы Андреас Преториустун атынан келип чыккан. Тшване болсо колониалдык доорго чейинки жергиликтүү уруу башчыларынын бири болгон. Экс-президент де Клерк бурлар британиялык оторчулукка каршы күрөшкөн, андыктан Претория деген аталыш менен сыймактаныш керек деп айтып келген.
Мурдагы советтик жумурияттарда жашагандар саясат географиялык аталыштарга кандай таасир этээрин жакшы билишет.
Алыс кетпей эле Фрунзе, же кыргыздар айткандай, Прунзе шаарын алсак. 1993-жылдан тарта болсо Красноводск порту Түркмөнбашы деп атала баштады. Баса, Түркмөнбашы дүйнөнүн географиялк картасында эң көп жолуккан аталыш болушу ажеп эмес. Мунай иштетүүчү завод, бир нече аэропорт, көптөгөн айыл-кыштактар, жадакалса 1998-жылы Түркмөнстандын аймагына түшкөн метеоритке да Түркмөнбашынын ысымы ыйгарылган.
Кээ бир учурларда географиялык аталыштар саясатка эмес, фонетикалык эрежелерге ылайыкташтырылып өзгөртүлгөн. Маселен, Бирманын өкмөтү баш калааны британиялыктар айткандай Рангун эмес, Янгон деп аташ керек деген буйрук чыгарды. Шаарды 1852-жылы Британия аннексиялап алган.
1949-жылы Мао Цзэдун Кытайдын баш ордосу латин тамгалары менен мандарин диалектинде айтылгандай, Бээжин деп жазылышы керек деп буйрук кылган. Ага чейин шаарды көбүнчө Пекин дешчү. Бул вариант болсо кантон фонетикасын чагылдырат.
1947-жылы Британ оторчулугунан арылган кошуна Индияда топонимикалык өзгөрүүлөр азыркыга чейин уланууда. Жакында эле Калькутта Колката деп атала баштады. 1990-жылдардын орто ченинде Бомбей - Мумбаи, Мадрас – Ченна болуп калган.
Кээде болсо шаарлардын аталыштарынын өзгөрүшүнө ири цивилизациялардын алмашуусу алып келет. Гректер негиздеген Византия Рим империясы тушунда Константинополь, осмондор ээлеп алганда Стамбул деп аталып калган.




Бир жыныстагы кишилерге баш кошууга улуксат берилди.


2005-жылы бир катар өлкөлөрдө бир жыныстагы кишилердин расмий баш кошуусуна уруксат берген мыйзамдар кабыл алынды. Британияда 5 –декабрда жактырылган ошондой жобо белгилүү ырчы сэр Элтон Жон менен түгөйүү Дэвид Фернишке үйлөнүүгө жол ачты. Алар 11 жылдан бери чогу жашап келатышкан. Салтанатка түгөйдүн жакындары гана чакырылган. Бирок ырчынын жүздөгөн күйөрмандары Виндзорго таң атпай келип, баш кошуп жаткан эки жашты тосуп алышты.
Жаңы мыйзам күчүнө киргенден бери Британияда кумсалардын 700дөн ашуун үйлөнүү тою болду.

XS
SM
MD
LG