Ооганстандын Кандагар провинциясында бүгүн бир жанкечти өзүн өзү жардырып жибергенден бир аял жана бир жаш бала жараат алды. Жанкечти - чет өлкөлүк аскерлер бараткан машинелерди жардырууну көздөгөн, бирок аларга жакын жете албай жарылып кеткен. Кандагардын губернатору Асадулла Хандын айтымында болсо, бир машинеге зыян тийди жана бир америкалык аскер дагы жараат алды.