АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Техас штатындагы медикалык академияда чыгып сүйлөп, өлкөнүн айрым жарандарынын телефондору тыңшалганын туура аракет деп коргоду: "Менин ишенимимде, душман эмне деп ойлоп жатканын өкмөт билүүгө тийиш экенин Америка калкынын көпчүлүгүү түшүнөт. Биз ошондой гана аракет көрүп жатабыз. Биз азыр адам өлтүргүчтөр менен согушуудабыз, алар адамзатка каршы аракет көрүү тууралуу чечимди бир секунддун ичинде кабыл алышы мүмкүн. Мен мыйзам чегинде аракеттенүүгө милдеттүүмүн жана мен мыйзамды бузган жокмун", - деп айтты Буш. Анткен менен айрым конгрессмендер менен сенаторлор өкмөттүн бул аракеттерин иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн, анткени соттун чечимисиз АКШда эч ким эч кимдин артынан аңдыбаш керек.