Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Украинага газ жиберүүнү Орусия токтоткондон башка мамлекеттер жапа чегүүдө


Орус жетекчилигинин айтымында, 1-январдан тартып Украинага табигый газ жиберүү токтотулду, анткени Киев Маскөөнүн бардык сунуштарын четке какты. Жаңы жыл алдында президент Владимир Путин атайын билдирүү жасап, Украинага ири насыя берүүнү сунуштаган. Киев аны четке каккан. Андан соң Путин - газдын баасын 1-апрелде гана көтөрөбүз деп билдирген. Бирок Путиндин айтымында, 1-апрелден тартып бир миң куб метрдин баасы 230 доллар болооруна Киев азыртан макул болуш керек болчу. Украиналык жетекчилердин айтымында болсо, алар дагы Маскөөгө ондон ашык сунуш жасаган, бирок Кремил анын баарын четке какты. Маскөөнүн билдиргенине караганда, 1-январда Украинада 100 миллион куб метр газ уурдалды. Бирок өлкө премьер-министри Виктор Ехануровдун айтымында, транзит газынан Украина өзүнө алган жок: "Азыр биз орусиялык газдын бир да куб метринен пайдаланган жокпуз. Ал тууралуу айтылып жаткан сөздөр Орусия калкына багытталган пропаганда", - деди Ехануров.

XS
SM
MD
LG