Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Европага Россия газы ырааттуу келе баштады


Россия Европа өлкөлөрүн газ менен камсыздоо нормалдуу нукка салынганын билдирди.
Украинанын газды кымбат баага сатып алууга макул болбогондон улам Россиянын өкмөттүк “Газпром” бирикмеси жекшемби күнү Украинага газ жөнөтүүнү кыскарткан болчу. Кечээ бир катар Европа өлкөлөрү газ аз келүүдө деп доомат кылышкандан кийин, “Газпром” газ берүүнү көбөйтөөрүн айтып, Украинаны газ уурдоодо деп күнөөлөгөндө, ырасмий Киев газга тийбегенин билдирген.
Кечээ куптан ченде Австрия менен Мажарстан куурдагы газдын басымы кадыресе нормасына чыкканын тастыкташты.
Бүгүн кечинде Россия жана Украин тарап газ чатагын жөндөө боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG