Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга жетти


БИШКЕК. Ажылык сапарга жөнөп, бирок Сауд Арабстандын визасын ала албай калган эки миңге чукул кыргыз атуулу 2-январда түн бир оокумга дейре маселесин чечип берүү талабы менен Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгында болушту. Бул тууралуу Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун буларды билдирди:

- Бул аябай татаал иш экен. Кандай болгон күндө биздин ажыга барууну каалаган атуулдарыбыздын укуктары тебеленди. Карыган кемпир-абышкалар экен, түнкү саат бир-экиге дейре ошолор менен болдук. Бул боюнча муфтиятта дагы чоң кемчиликтер бар. Биз азыр бул маселе боюнча коомдук иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Өмүрзак Мамаюсупов бул маселе боюнча муфтият алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кийинки жылы биринчи кезекте бара турган болушканын билдирди.

Жалпысынан быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылыкка баруу учун беш мин кишиге орун берген. Бирок ажылыкка барууну каалагандардын саны жети минге чукулдап кеткен. Ал эми беш мин зыяратчынын 3400ү автобус менен жолго чыгышкан. Учак менен барчу 1600 зыяратчынын алгачкы тобу Сауд Арабиясына жеткени айтылууда.

XS
SM
MD
LG