Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

К. Бакиев: Референдумга чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев эл мамлекеттик башкаруунун бардык формасын ийне-жибине чейин түшүнөт деп эсептейт. Ал бул тууралуу 2-январда президенттик администрациянын кезектеги жыйынында алдыдагы рефререндум тууралуу сүйлөп жатып билдирди. “Мен алыскы райондордо шайлоочулар менен сүйлөшүп жатып буга ынангам, эл баарын билет, баарын түшүнөт” деди Бакиев. Бирок ошентсе да референдумга чейин эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек деп санайт мамлекет башчы. Президенттин айтымында, саясий кампанияга айланбагыдай, экономикалык иштерге тоскоол кылбагыдай кылып элди даярдаш керек. Конституциялык кеңешменин соңку жыйынында Кыргызстанга башкаруунун кайсы формасы керек деген суроо менен рефререндум өткөрүү сунушу айтылып, ага президент да макул болгон. Бирок айрым байкоочулар ага каршы пикирлерди айтышууда. “Эл эрки” саясий партиясынын лидери Болот Байгожоев референдумда административдик ресурс аркылуу бийликке жаккан жыйынтык чыгат деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG